Русско-кыргызский словарь и глоссарий банковских и финансовых терминов НБКР (2016)
Депозиттер менен иш алып баруу (Depositary activities) —Акча-кредит саясатынын каражаты (инструменти), ал Улуттук банктын мөөнөттүү депозит эсебине кайтарымдуулук, төлөөгө жөндөмдүүлүк жана мөөнөтүндө төлөө шарттарында улуттук валютада акча каражаттарын тартуу аркылуу, банк тутумунанүстөк ликвиддүүлүктү алып салуу максатында колдонулат.

Русско-кыргызский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ДЕПОЗИТАРДЫК ИШКЕРДҮҮЛҮК – баалуу кагаздардын базарында баалуу кагаздардын тастыктамаларын сактоо жана/же баалуу кагаздарга укукту жана анын өтүшүн эсепке алуу боюнча кызмат көрсөтүү катары түшүнүлгөн кесиптик ишкердүүлүктүн бир түрү. Баалуу кагаздар базарынын Д. и-тү жүзөгө ашыруучу кесипкөй катышуучусу депозитарий деп аталат. Баалуу кагаздарды жана/же баалуу кагаздарга укукту жана анын өтүшүн эсепке алуу боюнча депозитарийдин кызматын пайдаланган киши депонент деп аталат. Алардын мамилелерин теске салуучу келишим депозитардык келишим (депо эсеби жөнүндө келишим) деп аталат.